Онлайн мелдештин артыкчылыктары

Чоң камтуу

Кыргызстандын 4-8-класстарынын окуучулары ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз жана орус тилдеринде тест тапшыра алышат

Сонун сыйлыктар

Бизде жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн чоң байге фонду бар! Ар бир курактык категорияга 3 байгелүү орундан, купондордон жана кызыктыруучу белектерден

Катышуунун баасы төмөн

Катышуунун наркы-бир катышуучу үчүн 200 сомдон башталат. Ыңгайлуу төлөм системасы, акысыз катышуу үчүн купондор

Жеткиликтүүлүк

Онлайн тестирлөөнү Кыргызстанда жүргөндө деле өткөрсө болот!

3-8-класстын окуучулары үчүн математикалык Олимпиада

Олимпиадага катышуу ыктыярдуу негизде гана орто билим берүүчү мектептердин 4-8-класстарынын окуучулары үчүн өткөрүлөт. Олимпиадалык тапшырмалар Кыргызстандын жалпы орто билим берүүчү мектептеринде окуу программасын эске алуу менен даярдалат .

 

Олимпиаданын Максаттары:

  • таланттуу окуучуларды аныктоо жана колдоо;
  • атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү;
  • өзүн-өзү уюштуруу жөндөмүн калыптандыруу;
  • окуучулардын окууга болгон кызыгуусун бекемдөө;
  • математиканы тереңирээк изилдөөгө түрткү берүү.

 

Олимпиаданын 2 туру Онлайн режиминде өткөрүлөт!

Өткөрүү датасы: 5-апрель, 2023-жыл, 31-Май, 2023-жыл.

1 тур Онлайн: 60 мүнөт ичинде 15 тапшырма. Тапшырмалардын татаалдыгы төмөн жана орто.

катышуунун наркы* - 200 сом

2 тур Онлайн: 60 мүнөт ичинде 20 тапшырма. Тапшырмалардын татаалдыгы орто жана жогорку.

катышуунун наркы* - 250 сом

терминалдар аркылуу PAY24, M-банк жана Интернет-банкинг

Өнөктөштүк программасы боюнча акысыз катышуу! Досторуңузду алып келип, акысыз катышуу купонун алыңыз!

3-тур: 3-турга катышуу шарттары 1-тур аяктагандан кийин жарыяланат.

Жаш категориялары

Тапшырмалар 3 жаш категориясына бөлүнөт: 3-4-класстар, 5-6-класстар жана 7-8-класстар.

 

Сыйлыктар

Байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар үчүн баалуу белектер (ар бир курактык категорияда 1, 2, 3 орун).

Байге фонду: телевизорлор, смартфондор, акылдуу сааттар!

1-турдун катышуучуларынын арасында ошондой эле экинчи турга акысыз катышуу үчүн 50 купондор ойнотулат!

 

* Сыйлыктардын акчалай эквиваленти берилбейт